Ссылки доступа

Тажикстанда мечиттерде күнү-түнү нөөмөт уюштурулат


Тажикстан Ислам борборунун Уламалар кеңеши Этика боюнча коммиссиядан Рамазан майрамында бардык мечиттерде күнү-түнү нөөмөт уюштурууну талап кылды.

29-июнда Дүйшөнбүдө өткөн мусулмандар жыйынында Уламалар кеңешинин башчысы калктын коопсуздугу үчүн ушундай чечим кабыл алынганын айтты. Акыркы учурда чет өлкөлөрдө көп катталган террордук актылар, анын ичинде Стамбулдагы Ататүрк аэропортундагы жардыруулар эске алынган.

Кеңештин башчысы Саидмукаррам Абдулкодирзода билдиргендей, майрам түнү нөөмөткө тургандар уктабастан, шектүү көрүнгөн ар бир жаран тууралуу тийиштүү органдарга кабар бериши керек.

Ошондой эле мечиттеги видео көзөмөл жүргүзгөн камераларды текшерип чыгуу тапшырмасы берилди.

XS
SM
MD
LG