Ссылки доступа

Гүлбурак: Атам мени он жыл бою зордуктаган


Укук коргоочулар балдарга карата зордук-зомбулук азайбай жатканын жарыя айтып коңгуроо кагышууда.

Бишкектеги “Балдарды коргоо” борборуна тогуз айдын ичинде сексуалдык зомбулукка кабылган 24 бала келип түшкөн, алар 7 жаштан 18 жашка чейинки балдар. Ушул тапта аталган борбордун реабилитациялоо жайында түрдүү зомбулукка туш болгон 12 бала жашап жатат. Алардын бири он беш жаштагы Гүлбурак беш жашынан бери атасынан кордук көрүп келген.

Гүлбурак “Балдарды коргоо” борборуна өткөн жылы декабрь айында келип түшкөн. Ата-энеси ажырашып кеткенден кийин наристе кыз бир жашынан тарта атасынын колунда калган. Атасы көчөт кыз беш жашка толгон мезгилде арак ичип келип, алгачкы жолу зордуктаган. Бул жоругун дээрлик он жылга жакын убакыттан бери кайталап жүргөнүн.

"Балдарды коргоо" борборунун психологу, социалдык педагог Бактыгүл Суранованын айтымында, зөөкүр атанын бул жоругун Бишкекте алар жашаган батирдин ээси байкап калып, милицияга кабарлап, кыз борборго түшкөн. Декабрдан бери атасы качып жүргөн, бир жума мурда кармалды.

Гүлбурак өзү кенедейинен башынан өткөн жаман күндөрдү эстегиси да келбейт.

- Беш жашымда биринчи жолу зордуктаган. Чоң энеме айтайын десем, катуу сабап, “эч кимге айтпа” деп коркуткан. Коркконуман айта алган эмесмин. Алтыга чыкканымда чоң энем кайтыш болуп, атам мени Бишкекке алып келген. Андан кийин мас болгон сайын эле зордуктачу. Улам үйлөнүп, кайра ажырашып, сегиз аял кетирген. Кээде кетип калган аялдары үчүн да мени сабачу,-деди ал.

Гүлбурак мектепте дээрлик окуган эмес. Атасы менен улам бир жерге көчүп, бир-эки ай окуп, кайра таштап, алтынчы классты гана бүтүргөн. Учурда кыздын документтери да жок. “Балдарды коргоо” борборунун кызматкерлери кыздын апасын таап байланышкан кезде, ал Орусияда иштеп жаткан болуп чыкты. Социалдык педагог Бактыгүл Суворованын айтуусунда, апасы келсе кыз мыйзамдуу өкүлү катары апасынын колуна тапшырылат.

XS
SM
MD
LG