Айрым маалыматтар боюнча ишкер Хусан Зиямухаммедовго карата өткөн жылдын апрелинде кылмыш иши козголгон. Ага мамлекеттин макулдугусуз Орусияга айыл чарба азыктарын, тактап айтканда жашылча-жемиштерди экспорттогон деп айып тагылган. Андан тышкары мыйзамсыз түрдө чет өлкөлүк валюта жүгүрүртүү менен шыгуулдангандыгы белгиленген.
“Азаттыктын” өз булактары билдиргендей, 60-жаштагы ишкерге карата козголгон кылмыш иши 26-апрелде Ислам Каримовдун Москвага жасаган сапарынын кийин токтотулган.
Хусан Зиямухаммедовго Өзбекстандан Орусияга жашылча-жемиш экспорттоо укугу дагы берилди.
– Мындай чечимди тендер өткөрбөй эле кабыл алышты. Май айынан тарта Хусан Зиямухаммедов Орусияда туруп экспорт ишин көзөмөлдөйт. Ага карата козголгон кылмыш ишин жаап ташташты. Бирок Хусан неси болсо дагы Ташкентке барган жок, -деди өз булак.
Кылмыш ишин токтотууда анын “кубаттуу кудасы” – белгилүү ишкер жана кримавторитет Салим Абдувалиев негизги ролду ойногондугу айтылууда. Ал«Салим-байбача» ысымы менен дагы белгилүү.