Ссылки доступа

Тажикстанда алтын, күмүш аткезчилигине каршы күрөш жүрүүдө


Тажик парламентинин депутаттары өлкө бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизди. Ага ылайык, алтын жана күмүштөн зер буюмдарды жасоо үчүн керектелүүчү сырттан келген материалдарга бажы төлөмдөрү төмөндөтүлдү.

Буга чейин ишкерлер чет өлкөдөн бир грамм алтынды алып кирүү үчүн 8,4 доллар (67 сомони) бажы алымы менен акциз салыгын төлөчү. Тажикстан каржы министринин орун басары Жамшед Каримзода белгилегендей, төлөмдөрдүн көптүгүнөн алтын менен күмүштүн көбү аткезчилик жол кирчү. Өткөн жылы бир эле Түркиядан 700 килограмм зер буюмдар ташылып келген. Бирок алардын ичинен 15 килограммы гана каттоодон өткөн.

Тажикстан алымдарды жана салыктарды төмөндөтүү менен алтын буюмдардын өлкөгө аткезчилик эмес расмий түрдө кирүүсүнө аракет жасоодо. Натыйжада үч түрлүү жыйымдардын ордуна бирөө гана калды. Ага жараша четтен кирген бир грамм зер жасалга үчүн ишкерлер 18 сомони төлөйт.

Тажикстанга зер буюмдар негизинен Түркия, Индия, Бириккен Араб Эмирлигинен келет.

XS
SM
MD
LG