Кол коюлган документке ылайык, айыл чарба багытындагы жерлерди чет элдиктерге, жарандыгы жок адамдарга, чет элдик юридикалык жактарга пайдаланууга берүү жөнүндөгү нормаларды токтотот. Мындан тышкары мамлекеттин карамагындагы айыл чарба жерлерин Казакстандын жарандары жана юридикалык жактары да жеке менчикке өткөрө албайт.
Майда Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев жер кодексине киргизилген өзгөртүүлөрдү токтотуп, мораторий жарыялаган. Өлкөдө массалык акциялар орун алып, ондогон адамдар камалгандан кийин бийлик ушундай кадамга барууга аргасыз болгону маалым.