Ссылки доступа

ЖК референдум жөнүндө мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды


Жогорку Кеңеш кечээ “Референдум жөнүндө” конституциялык мыйзам долбоорунун биринчи окууда жактырып, кийинки добуш берүүгө жөнөттү.

Демилгечилердин бири, депутат Алмамбет Шыкмаматовдун айтуусунда, долбоор референдум жөнүндөгү азыркы мыйзамды Конституцияга шайкеш келтирүү максатында иштелип чыккан.

Сунушталып жаткан мыйзам долбоору менен жаӊы автоматташтырылган технологияларды киргизүү, жарандардын биометрикалык маалыматын колдонуу, референдумга катышуучулардын ишин так бөлүштүрүү, кол топтоону жөнгө салуу каралууда.

Соңку жолу Кыргызстанда референдум 2010-жылы өткөрүлгөн.

XS
SM
MD
LG