Ссылки доступа

S&P Брекситтен кийин Евробиримдиктин рейтингин төмөндөттү


Эл аралык Standard & Poor’s агенттиги Евробиримдиктин кредиттик рейтингин төмөндөттү. Мындай кадам Улуу Британия блоктон чыгуу боюнча добуш берген соң, шаркеттин биримдигине тынчсыздануудан улам кабыл алынды.

Бул арада Евробиримдикти сынга алган айрым европалык саясий партиялар Британиянын чечимин кубаттап, башка өлкөлөрдү, анын ичинде Францияны дагы референдум өткөрүүгө чакырышты.

S&P Евробиримдиктин кредиттик рейтингин «АА+» дан «АА» денгээлине чейин түшүрүп, «ЕБнын биримдиги боюнча оюн кайра карап чыккандыгын» жарыялады.

Уолл-стриттеги кредиттик агенттиктин пикиринде, Улуу Британиянын шаркеттен чыгышы менен ЕБ бюджети кыскарышы ыктымал. 2016-жылы Германия, Франция жана Улуу Британия жалпы казнага 21, 16 жана 13 % каражат салган.

Агенттик маалымдагандай, эми ЕБ бюджетинин кирешелерин болжолдоо, узак мөөнөттүү капиталдарды пландоо, айрым учурда өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси белгисиздикке туш болот. Бирок Евробиримдиктин рейтинги мындан ары төмөндөбөй, туруктуу бойдон сакталары боолголонууда.

XS
SM
MD
LG