Ссылки доступа

Белорус үчүнчү ирет улуттук валютасын өзгөрттү


Белорус 1-июлда улуттук валютаны 10 миң эсе деноминациялады.  Натыйжада,  азыркы банконттун эң төмөнкү номиналы - 100 белорус рубли бир тыйын болуп калды.

Эски банкноттор 2016-жылдын аягына чейин жүгүртүүдө кала берет. Андан соң дагы эки жыл бою аларды банктарда алмаштырууга мүмкүнчүлүк бар.

Товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн баалары, маяна, пенсия, стипендия, банк эсебинде калган каражаттар масштабдуу деноминацияга карата кайра эсептелип чыкты. Белорус бийлиги 1-июлдан тарта дүкөндөрдөгү бардык товарларга эки түрдө – жаңы жана эски рубль менен бааларды көрсөтүүнү тапшырды.

Ар бир жаңы банкнотто Белорус облустарыны сүрөттөрү түшүрүлгөн. Эң чоң- 500 рубль борбор калаага багышталган. Белорус 1991-жылы эгемендик алгандан бери ушуну менен үчүнчү жолу акчасын өзгөртүп жатат.

XS
SM
MD
LG