Ссылки доступа

Орусияда балдар омбудсмени отставкага кетет


Орусияда балдар укуктары боюнча ыйгарымдуу өкүл Павел Астахов эмгек өргүүдөн кийин отставкага кетет. Бул тууралуу РБК Кремлдеги эки өз булагына таянуу менен билдирди.

Буга чейин да бир топ талаштуу сөздөрү менен белгилүү болгон Павел Астахов Карелиядагы трагедияда аман калган балдар менен жолугушуп жатып, “кана, сууга жакшы сүздүңөрбү?” - деп сураган. Балдар омбудсмени ошондой эле орусиялык жеткинчектерди чет өлкөлүк жарандар тарабынан асыроо маселеси боюнча Москва менен Вашингтондун тирешүүсүнүн чордонунда болуп келген.

Бирок Кремл же Астаховдун кеңсеси анын отставкасы тууралуу маалыматты бышыктай элек.

“Коммерсант” басылмасы Астахов Тышкы иштер министрлигинде болгон жыйындан кийин президент Владимир Путин менен жолугушууда чыгып кеткенин жазды.

XS
SM
MD
LG