Ссылки доступа

Багдадда жардыруудан мерт болгондордун саны 130дан ашты


Багдадда жардыруудан 130 адам мерт болуп, 200дөйү жаракат алды. Бул тууралуу ирак полициясына шилтеме берүү менен "Аль-Жазира" телеканалы билдирди.

Жекшембиге караган түнү шаардын борборунда жардыруучу жабдык бекитилген автоунаа жарылган.

Шаардын ортосундагы Карада районунда дүкөн, кафе, ресторандар жык жайгашкан жана адатта ыйык рамазан айында ал жерде кечке маал киши көп чогулат.

Андагы жардыруудан бир аз убакыт өткөн соң шаардын түндүк бөлүгүндө дагы жардыруу болгон.

SkyNews, Arabia телеканалдарынын билдиришинче, бул кол салуу үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” террордук тобу алган.

Бир апта мурда Ирактын өкмөттүк күчтөрү Фаллужа шаарын “Ислам мамлекети” террордук тобунан бошотуп, өз көзөмөлүнө алган эле.

XS
SM
MD
LG