Ссылки доступа

Ислам Каримов аны улут көсөмү деп атоого каршы


Өзбекстандын президенти Ислам Каримов аны жол башчы деп атоого каршы экенин билдирди. Бул тууралуу ал Сурхандарыя облусундагы Термез районунда дыйкан-фермерлер менен жолугушуу учурунда айтты.

Жолугушууда ардагерлердин бири Өзбекстандагы тынчтык жана туруктуулук үчүн Ислам Каримовду мактап жатканда президент анын сөзүн бөлүп, улут көсөмү деп көтөрмөлөп айтууга каршы экенин билдирди.

«Биз жол башчы деген сөздү көп колдонгонубуз туура эмес. Баарыбыз акыл-эс менен жашашыбыз керек. Бизде жөнөкөй адамдар жок. Ар кимдин өз башы, жашоого болгон көз карашы бар. Бул жагынан алганда «жогору жактагылар эмне кылышты билет, биз болсо буйруктарды гана аткара алабыз» деген сөздөр артта калды. Жеке мен өзүм мындайга каршымын», - деди президент Ислам Каримов.

Анын айтымында, Өзбекстандын өкмөтү «өз пикир бар, көз карандысыз жаштарды» тарбиялап жатат.

XS
SM
MD
LG