Ссылки доступа

Түркия кайрадан орусиялыктардын эң популярдуу багыты болуп калды


Туристтик жолдомолор сатылып башталгандан бери үч күндүн ичинде Түркия орусиялыктардын эң популярдуу багыты болуп калды. Бул тууралуу «Коммерсант» жазды.

Басылманын маалыматына ылайык, сатылган турлардын 35 пайызы түрк курортторуна туура келет. Орус жарандары үчүн алар 1-июлдан тарта ачык болуп калды.

Орусиянын туроператорлор ассоциациясынын аткаруучу директору Майя Ломидзе РИА Новостиге билдиргендей, Түркия жолдомолоруна болгон суроо-талап сунуштардан он эсе көп. Ошол эле учурда турларды сатып алгандар көп эмес. Буга үзгүлтүксүз авиакаттамдары бар турпакеттердин кымбаттыгы себеп болууда.

Туроператорлор чартердик программаны кайра ачууга даяр экенин билдирүүдө. Бирок буга жетүү үчүн Росавиация расмий түрдө макулдугун бериши керек.

Туризм тармагындагы кызматташтыкты жандандырып, Орусиянын менен Түркиянын соода-экономикалык мамилесин калыбына келтирүү боюнча Орусия жана Түркия президенттери 29-июнда телефон аркылуу макулдашкан эле.

XS
SM
MD
LG