Ссылки доступа

FAZ: Евробиримдикте качкын катары келген террорчулар бар


Европа биримдигинин аймагында «Ислам мамлекети» экстремисттик тобунун кеминде 17 тарапташы жашап жатат. Алар ЕБге качкын болуп кирип келишкен.

Бул тууралуу Frankfurter Allgemeine Zeitung (FAZ) немис басылмасына Германиянын Конституцияны коргоо федералдык мекемесинин башчысы Ханс-Георг Масен билдирди.

Анын айтымында, бул маалыматты тастыктаган «талашсыз далилдер» бар. Жихадчы командирлеринин буйругу менен иштеген террорчулардын көпчүлүгү учурда түрмөдө же өлтүрүлгөн. Алардын экөө 2015-жылдын ноябрында Парижде орун алган теракттарда каза болгон.

«Немис толкуну» билдиргендей, июнда Германиянын атайын кызматтары өлкөнүн үч башка федералдык аймагында үч террорчуну кармады. Полиция алар Дюссельдорфтун борбордук бөлүгүндө теракт даярдап жатышкан деп билдирүү жасады.

XS
SM
MD
LG