Ссылки доступа

Тажикстанда молдолорго жана бардар адамдарга садака берүүгө тыюу салынды


Тажикстан президенти Эмомали Рахмон 4-июлда диний ишмерлерге жана байгер адамдарга кайыр-садака берүүгө тыюу салган буйрук чыгарды.

Өлкө президенти калкты шарияттын шарттарына ылайык, кайыр-садаканы бир гана жетим, майып, муктаж жана кароосуз калган адамдарга берүүгө үндөдү.

Рахмон жергиликтүү аткаруу бийлигине Рамазан майрамынын алдында диний бирикмелер менен бирге кайрымдуулук иш-чараларын өткөрүүнү тапшырды.

Дин иштери боюнча комитет Уламалар кеңеши, Ислам таануу борбору жана ММКлар менен биргеликте кайыр-садака берүүнүн маңызын элге түшүндүрмөй болушту.

Буга чейин тажик чиновниктери тизмеде турган муктаж адамдарга майрамдык зекет берүү боюнча тапшырма алышкан. Жыйынтыгын аткаминерлер Тажикстан президентинин администрациясына билдириши керек. Чиновниктер, имам-хатибдер үй-бүлө мүчөлөрүнүн тизмесин жана берилген кайыр-садаканын суммасын жазып өткөрүүгө милдеттендирилген.

XS
SM
MD
LG