Анын айтымында, буга чейин Өзбекстанда кылмыштарды объективдүү эсепке алган бирдиктүү система жок болчу. Маалыматтарды укук коргоо органдары өз алдынча топтоп турган. Бул болсо ыкчам иликтөө жана анализдөө мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарып койчу.
Улуттук база аркылуу башка өлкөлөр жана эл аралык уюмдардын бул сындуу түзүмдөрү менен бирге иш алып барууга шарт түзүлөт.
Жаңы система кылмыштуулук менен күрөшкөн бардык министрликтердин жана мекемелердин жумушун байланыштырууга, ыкчам иштөөгө, чечимдердин сапатын жакшыртууга, ачыктыкты камсыз кылууга жана укук коргоо органдарынын иш сапатын жогорулатууга көмөк көрсөтөт.