Ссылки доступа

Өлкөдө укук коргоо органдары реформаланат


Коргоо кеңеши 4-июлда кабыл алган чечимге ылайык, ички иштер министрлигинин алдында беш кызмат түзүлөт. Алар: коомдук коопсуздук боюнча кызмат, криминалдык милиция, экстремизм жана мыйзамсыз миграция менен күрөшүү, баңги затка каршы күрөшүү жана тергөө кызматы.

Коргоо кеңешинин төрагасы Темир Жумакадыровдун айтуусунда, укук коргоо органдарынын кызматкерлери келишимдик негизде иштейт жана ал келишим белгилүү бир убакытка түзүлөт. Ошондой эле Улуттук соттук экспертиза кызматы түзүлөт, ал көз карандысыз иш алып барат:

-Муну менен бири-бирин кайталанган органдарды жоюп, укук коргоо органдарынын ортосундагы тең салмактыкты сактоо жана ишкерликти негизсиз текшерүүлөр азаят.

Темир Жумакадыровдун айтуусунда, жыл аягына чейин реформанын негизги бөлүгүн аягына чыгаруу максаты коюлууда.

XS
SM
MD
LG