Ссылки доступа

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды


Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөө айрым документтерди кылмыш ишине тиркөөдөн баш тарткан соң, Башкы прокуратурага арыз менен кайрылышты.

Алматыда өткөн маалымат жыйынында жактоочулар билдиргендей, тергөө иликтөө ишин жандандырып, кошумча соттук-экономикалык экспертиза дайындоого каршы чыккан. Жактоочулар тергөө ишине Сейтказы жана Асет Матаевдердин күнөөсүз экенин далилдеген бухгалтердик жана салык документтерди кошууну сураган.

Журналисттер бирикмесинин төрагасы Сейтказы Матаев менен КазТАГ агенттигин жетектеген анын уулу Асет үй камагында. Алар башында ири көлөмдөгү бюджет каражаттарын уурдаган деп шектелип келсе, кийин айыбы кызмат абалынан кыянат пайдаланган деген беренеге өзгөртүлгөн.

Матаев мамлекеттик каражатты кымырып алган жана салык төлөөдөн качкан деген шек менен 22-февралда кармалып, 24-февралдан бери үй камагына алынган. Өзү болсо дооматтарды четке кагууда. Бир катар укук коргоочу уюмдар Матаевди бошотууну талап кылып, ишин журналисттик ишмердигине байланыштырууда.

XS
SM
MD
LG