Ссылки доступа

ЕККУ Крымда адам укуктары бузулганы жөнүндө резолюция кабыл алды


Тбилисиде өтүп жаткан Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) парламенттик ассамблеясынын 25-сессиясынын акыркы күнүндө делегаттар “Тбилиси декларациясын” кабыл алышты.

Анын бир бөлүгүн “Крымда адам укуктары менен эркиндиктеринин бузулушу жана крым-татар калкынын укуктарынын тебелениши жөнүндө” резолюциясы түзөт.

“Свобода” радиосунун кабарчысы Георгий Кобаладзе кабарлагандай, орусиялык жана украиналык делегациялардын мүчөлөрү “Тбилиси декларациясы” боюнча курч талашка түшүштү. Жарыш сөздө Украинанын Жогорку радасынын депутаты Игорь Попов Орусия Украинага агрессия көрсөтүп, дүйнө коомчулугу тааныган эгемен өлкөнүн бир аймагын аннексиялап алды деп билдирди. Поповдун пикиринде, муну менен Москва эл аралык укуктарды одоно бузуп, азыр болсо Донбасста жикчилдердин шайлоосун өткөрүү менен “аннексияны мыйзамдаштырып” алгысы бар. Украин депутаты басым көрсөтүү катары Орусияга киргизилген санкцияларды күчөтүүгө чакырды.

Буга жооп иретинде Мамдума депутаты Людмила Козлова Украинада гана эмес, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндөгү дагы “сырттан кийлигишүү” болгондуктан көйгөйлөр жаралууда деп баса белгиледи. Ал эми “Крымды Орусия жарым аралдагы калктын каалоосуна таянып кошуп алды” деп айтты. Ошентсе дагы Парламенттик ассамблея “Тбилиси декларациясын” кабыл алды.

Кечээ орус делегациясы бул документти талкуулоодон баш тартып, ЕККУнун туруктуу комитетинин отурумунан чыгып кеткен. Резолюцияны делегациялардын көбү колдоду.

XS
SM
MD
LG