Ссылки доступа

Бир күндө 4500дөй мигрант куткарылды


Шейшембиде Жер ортолук деңиздеги Сицилия кысыгында 30 куткаруу операциясы жүргүзүлүп, 4500дөй мигрант куткарылды. Бул тууралуу Agence France-Presse билдирди.

Агенттик Италиянын Жээк коргоо кызматынын маалыматына таянып жазгандай, мигранттарды Италиянын аскерий деңиз күчтөрүнүн жана Евробиримдиктин чек араларды көзөмөлдөгөн Frontex агенттигинин кемелери менен куткарышты.

Мурунку жумада Италиянын Ички иштер министрлиги быйыл алты айдын ичинде өлкөгө 70 миңден ашуун мигрант келгенин кабарлаган. 2015-жылдын жарым жыл ичинде Италияга 71 миң мигрант келген дейт tass.ru.

Миграция боюнча эл аралык уюмдун маалыматында 1-январдан 3-июлга чейин Европага деңиз аркылуу 227 316 киши келди. Грекиянын жээгине 158 398 мигрант жана качкын келсе, Италияга – 67 538. Каза болуп же дайынсыз жоголгондордун арасында 2 920 мигрант жана бозгун бар. Италияга мигранттардын көпчүлүгү Ливия жана Египеттен келет.

XS
SM
MD
LG