Ал Ооганстандагы абалды туруксуз деп атады. Буга чейин пландаштырылгандай, жылдын аягына чейин америкалык контингентти беш жарым миңге чейин азайтпай турганын билдирди.
Обаманын айтымында, бул өлкөдө америкалык аскерлердин ролу мурункудай эле кала берет. Алар ооган жоокерлерин жана полициясын окутуп, “Талибан” жана башка топторго каршы күрөшүүдө көмөктөшөт.