Ссылки доступа

Казакстанда Нурсултан аттуу 80 бала президентке арнап ырдады (видео)


Кечээ, 6-июлда, Чымкентте Астана күнүнө жана Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин туулган күнүнө карата майрамдык иш-чара өттү. Бул тууралуу жергиликтүү Ratel.kz порталы кабарлады.

Басылма жазгандай, мааракеде драма театрдын сахнасына Нурсултан аттуу 80дей бала чыгып, Назарбаевге арнап «Нурсултан-ата» деген мекенчил мүнөздөгү ыр аткарып беришти.

«Шаңдуу обон менен балдар өлкө башчысы жөнүндө ырдап, аны «ата» деп атап жатышты. Ырдын сөздөрүн ким жазса дагы, мээрим төгүп жазыптыр. Балдар ырды аткарууга чын ниетинен даярданышканы көрүнүп турду. Ырдын сөздөрү так угулуп, аткаруучулар тың кыймылдап жатты. Ырда балдар чоңойгондо Эл башчысындай болоруна үмүттөнгөнү белгиленген», - деп айтылат маалыматта.

Ыр аткарылып жатканда чоң экранда Нурсултан Назарбаевдин өмүр жолу жана жумушу жөнүндө тасма көрсөтүгөн.

XS
SM
MD
LG