Ссылки доступа

ММК: Матаев ишиндеги аткаминерлер каржы полициясы менен сүйлөшүп алды


Казакстандын Журналисттер бирикмесинин төрагасы Сейтказы Матаевдин ишине катыштыгы бар аткаминерлер кылмыш жоопкерчилигинен бошонуу үчүн тергөө менен кызматташып баштаганы айтылууда.

Бейшембиде Матаевди колдоо комитетине таянып КазТАГ агенттиги жазгандай, мурунку айдын соңунда шектелип жаткан бир нече аткаминер «күнөөсүн моюнуна алып, өкүнгөнүнө байланыштуу» кылмыш жоопкерчилигинен бошотуу өтүнүчү менен кайрылды.

Алардын арасында «Казактелекомдун» административдик директору Батыр Маханбетажиев, маалымат комитетинин мурунку жана учурдагы жетекчилери бар. Комитеттин маалыматы боюнча 2-июлда тергөө тобунун жетекчилиги бул адамдарга карата кылмыш ишин токтотту. Мындан тышкары арыз жазгандардын арасында айрым аткаминерлер жок. Маселен, маалымат комитетинин мурунку төрагасы, учурда болсо Жогорку соттун маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн жетекчиси Болат Кальянбеков жок. Комитеттин маалыматында ал инсульт коркунучу менен ооруканага жеткирилди. 3-июлда сот Матаевдин жактоочуларынын кошумча соттук-экономикалык экспертиза өткөрүү өтүнүчүн четке какты.

Өткөн айда сот Сейтказы Матаевдин үй камагын 22-июлга чейин узарткан. Быйыл жазында анын уулу, КазТАГ агенттигинин жетекчиси Асет Матаев дагы үй камагына алынган. Алгач алар өзгөчө чоң өлчөмдө бюджеттик каражаттарды уурдаган жана ири өлчөмдөгү салыктан качкан деп айыпталса, кийинчерээк аларга коюлган айып «өзгөчө чоң өлчөмдөгү алдамчылык» беренесине которулган. Матаевдер күнөөсүн четке кагып келет.

Коррупцияга каршы кызматы бул иште айрым адамдар тергөө менен сүйлөшүп алды деген маалымат текшерилип жаткандыгын кабарлады.

XS
SM
MD
LG