«Азаттыктын» өзбек кызматынын Алмалык районунун администрациясындагы өз булагы окуя болгонун тастыктады.
- Өрт кызматкерлер жок учурда, түнү чыкты. Өчүрүүчүлөрдүн биринчи версиясы боюнча буга электр зымдарынын чукул туташуусу себеп болду. 290 чарчы метр аянт өрттөнүп кетти. Жыйынтыгында, синтетикалык өнүм, жабдуулар, синтепон жана килем өндүрүшүнүн калдыктары күл болуп калды, - дейт жергиликтүү аткаминер.
Анын айтымында, өрт түнү чыккандыктан жабыркагандар болгон жок.
Бир ай мурун Ташкенттеги текстиль фабрикасында дагы жарылуу болуп, өрт чыккан.