Компания белгилегендей, ГЭС иштеп баштагандан кийин Тажикстандын электр өндүрүшү эселеп өсөт. Ишкананын эсебинде эки агрегаттын мөөнөтүнөн мурда ишке берилиши электр кубатын экспорттоп, түшкөн каражатка электр станциясынын курулушун улантууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Salini Impregilo курулуштун биринчи бөлүгүндө тажик өкмөтү менен түзүлгөн келишимге ылайык, 1 млрд 95 млн доллар сарпталат деп билдирди. Жалпысынан, бийик таш тосмосу менен бирге станцияны куруп бүтүүгө 13 жыл кетет. Келишимдин суммасы 3,9 млрд долларды түзөт.
Тажикстандын көпчүлүк аймактарында сентябрдан апрелге чейин күнүнө 4-5 сааттан гана электр энергиясы берилип турат. Өткөн жылдары электр кубатынын жетишсиздигинен келип чыккан кесепеттерди азайтуу үчүн «Сангтуда-1» жана «Сангтуда-2» деп аталган эки орто ГЭС иштеп баштаган. Мындан тышкары дагы ондогон чакан ГЭСтер ишке киргизилип, бирок электр тартыштыгы жоюлган жок.
Бул арада Өзбекстан бул долбоорго каршы экени белгилүү. Ал Рогун ГЭСи чөлкөмдө экологиялык кырсыктарга алып келиши мүмкүн деп айтып келет. Эл аралык экспертиза болсо мындай билдирүү негизсиз экенин далилдеп берген.