Ссылки доступа

Усама бен Ладендин уулу өч алууну убадалайт


«Аль-Каида» экстремисттик тобунун негиздөөчүсү Усама бен Ладендин уулу атасынын өлүмү үчүн АКШдан өч аларын убадалады.

«Аль-Каида» — «Ас-Сахаб» медиаресурсу 10-июлда таркаткан видеодо баяндалгандай, Хамза бен Ладен лидерлеринин чечими үчүн америкалык жарандар жооптуу экенин жарылаган.

Ал мындан тышкары топ Кошмо Штаттарга каршы “жихад” уюштурууну улантарын, себеби АКШ мусулмандарды “эзип” жаткандыгын билдирген. «Эгер Абботабадда жасаган жоругуңар жазасыз калат деп ойлосоңор, анда силер адашып жатасыңар», — деген ал.

Усама бен Ладен 2011-жылы майда Пакистандын Абботабад шаарында өлтүрүлөн. Анын баласынын жүргөн жери дайынсыз. Айрым аналитиктердин пикиринде, ал «Аль-Каида» тобун жетектөөгө камданууда.

XS
SM
MD
LG