Ссылки доступа

Казакстан: сыра заводунун ээси мамлекеттик төңкөрүшкө даярданган


Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети  «Шымкентпиво» компаниясынын директору, ишкер Тохтар Тулешовдун иши боюнча 25 адам шектелип, дагы 300дөй киши күбө катары өтүп жатканын билдирди.

Тулешовго ондон ашуун кылмыш жасоо, анын ичинде «транс-улуттук кылмыш коомчулугун каржылоо», «кылмыш тобун түзүү» жана «өлтүрүү» өңдүү айыптар тагылууда.

Атайын кызматтын өкүлү журналисттерге Тохтар Тулешов шериктери менен бирге бийликти күч менен басып алууга даярдык көргөндүгү боюнча далилдер бар экенин жар салды. Улуттук коопсуздук комитетинин билдирүүсүндө, бийликти басып алуу аракетин Казакстанда социалдык чыңалуунун очокторун түзүү, массалык тополоңдорду жана нааразычылык акцияларын уюштуруу менен ишке ашырууну көздөшкөнү айтылат. Тулешовдун иши боюнча тергөө аягына чыкканын комитет 9-июлда билдирген.

Тулешов жылдын башында камалган. Кармалган жерде «ок атуучу курал, маңзат жана айрым адабият» табылганы кабарланган. Улуттук коопсуздук комитети буга чейин Тулешов апрелден тарта жер маселеси боюнча өткөн массалык нааразычылык акцияларын уюштурууга жооптуу деп жарыялаган.

Анын шериктери катары Казакстандын башкы прокурорунун биринчи орун басары Ильяс Бахтыбаев, Түштүк-Казакстан облусунун ички иштер департаментинин мурунку башчысы генерал-майор Доскалиевдин ысымы аталууда. Андан тышкары Түштүк-Казакстан облусунун ички иштер департаментинин башчысынын биринчи орун басары, полиция полковниги жана коргоо министрлигинин «Түштүк» командачылыгынын эки командири дагы бар.

XS
SM
MD
LG