Ссылки доступа

Пхеньян Түштүк Кореянын антиракеталык системасына каршы чара көрөт


Түштүк Корея аймагында америкалык ракетага каршы коргонуу системасы жайгаштырылса, Түндүк Корея ага чара көрөрүн айтып, опузалады.  8-июлда Сеул менен Вашингтон Түндүк Корея тараптан коркунуч өсүп келе жаткандыктан, Түштүк Кореяда  THAAD ракеталык системасын орното  турганын маалымдашкан.

Түндүк Кореядагы аскерлер билдиргендей, Түштүк Кореяда бул америкалык системанын жайгашканы тууралуу маалым болсо, «физикалык чаралар» көрүлөт.

Вашингтон менен Сеул азырынча бул система качан, кайсы жерде орнотула турганын тактай элек. Бирок жайгашка турган аянтты тандоо боюнча даярдануу иштери соңуна чыгып баратканын билдиришти.

THAAD системасын жайгаштыруу чечимине бир күн калганда АКШнын каржы министрлиги Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ынды өлкөдө адам укуктары бузулуп жатканы үчүн санкциялык тизмеге киргизип койду. Пхеньян бул кадамды «согуш жарыялоо» деп атады.

XS
SM
MD
LG