Ссылки доступа

Өзбекстанда мамкызматкерлер кык чогултууга милдеттендирилди


Өзбекстандын премьер-министри Фергана облусунун Учкуприк районунда санитардык-эпидемиологиялык станциянын кызматкерлерине үйлөрдү кыдырып, уйдун кыгын чогултууга тапшырма берди.

Кык дыйкандардын жерлерин жакшыртуу үчүн колдонулат деп кабарланууда. Жергиликтүү тургундар өкмөттүн бул чечимине нааразы. Алар газ жана электр кубатынын жетишсиздигинен уйдун кыгын от жагууга пайдаланып жатканын айтышууда.

Өз булактын билдиришинче, «кооз медициналык кийимчен» дарыгерлер менен медайымдар айылдагы күзөтчүлөрдүн коштоосунда үйлөрдү кыдырып, эки кап кыктан берип коюуну өтүнүп жүрүшөт.

- Бизде мал багуу оңой эмес. Кой, уйларды короодо кармайбыз, анткени талаада орун жок. Кургак саман, топ беребиз. Анын бир литрин шарап заводунан 70 сумдан алабыз. Эки кап кыктан 200 тезек чыгат. Газ, жарык жок болгон айылда мынча тезек 10 күнгө жетет. Эң күлкүлүүсү - бул ишти санэпидемстанцияга жүктөп коюшканы. Медициналык кийимчен дарыгерлер кык сурап жүрсө, боор ооруп кетет экен. Жалпы кыштак шылдыңдап отурат», - дейт жашоочулардын бири.

Айыл тургундарынын арасындагы «Катта Кенагас» деп аталган жыйындын активисттеринин бири кечээ санитардык станциянын чоң тобу келгенин кошумчалады. «Ар эки дарыгерге жана медайымга бирден күзөтчү кошуп коюшту. Алар мүшөккө кык салып, эшигинин алдына коюп коёт. Дыйкандар болсо тракторлору менен келип, жүктөп кетет», - дейт айылдагы активист.

XS
SM
MD
LG