Ссылки доступа

Актөбөдөгү чабуулдарды тергөөгө прокурорлор кошулду


Актөбөдөгү куралдуу кол салууларды тергөө үчүн процессуалдык прокурорлор тобу кошулганы маалымдалды. Ага прокурор Амангүл Жумагалиева билдиргендей, топко облустук прокуратуранын тергөө бөлүмүнөн төрт процессуалдык прокурор кирди.

- Процессуалдык прокурорлор окуя болгон жерлерди текшерүүгө, шектелгендерди жана күбөлөрдү суракка алууга катышып, тергөөчүлөргө тапшырмаларды берет. Жыйынтыгында сотко чейинки тергөөнүн сапаты жакшырып, иликтөөнүн убакыты кыскарат, - дейт Амангүл Жумагалиева.

Куралдуу топтун чабуулдары боюнча ага прокурор кылмыш-процессуалдык кодексине таянып, маалымат берүүдөн баш тартты.

5-июнда Актөбөдө куралчан адамдар эки курал саткан дүкөнгө жана аскер бөлүгүнө кол салган. Расмий билдирүүлөр боюнча чабуулдан жети адам мерт кетип, 40тай киши жарадар болгон. Алты күнгө созулган атайын операцияда 18 шектүү согушкер жок кылынып, бир нече адам кармалган. Казак бийлиги чабуулду “четтен тапшырма алган радикалдуу диний топтун өкүлдөрү” жасады деп айтып келет.

XS
SM
MD
LG