Ссылки доступа

Керри Москвага барат


АКШнын мамкатчысы Жон Керри бул жумада Москвага барып, Орусиянын жогорку расмий адамдары менен жолугат. Дүйшөмбүдө АКШнын мамдепартаменти билдиргендей, тараптар Сирия, Украина жана Тоолуу Карабактагы Армения менен Азербайжандын ортосундагы тирешүү боюнча сүйлөшөт.

Керри Бастилияны алган күндү майрамдоо үчүн Францияга сапар жасап, Москвага 14-15-июлда келет. Мамлекеттик департамент Керри кимдер менен жолуга турганын тактаган жок.

Сапар боюнча АКШ президенти Барак Обама жана Орусия башчысы Владимир Путин 7-июлда телефон аркылуу сүйлөшкөндө макулдашылган. Өлкө жетекчилери Сириядагы абалды, Украинадагы каатчылыкты жана Тоолуу Карабактагы араздашууну талкуулашкан.

Москвадан кийин Керри Люксембургга, андан ары Брюсселге барууну көздөөдө. Ал жакта мамкатчы Евробиримдиктин дипломатия башчысы Федерика Могерини менен тышкы саясаттын негизги артыкчылыктарын талкуулайт.

XS
SM
MD
LG