Ссылки доступа

Орус саякатчысы дүйнөнү желим шар менен кыдырып келет


Орусиялык Федор Конюхов желим шар менен дүйнөлүк саякатка чыкты. Ал Австралиядан аттанып, эки жумада 33-35 миң чакырым учуп өтүүнү көздөп жатат. Бул тууралуу ТАСС кабарлады.

Саякат 5-10 чакырым бийиктикте Тынч океан, Түштүк Американын түштүгү, Атлантика океаны, Түштүк Африка жана Индия океаны аркылуу өтөт. Конюхов америкалык саякатчы Стив Фоссет өткөн жол менен учат. Фоссет 2002-жылы желим шар менен жерге конбостон дүйнөнү кыдырып, рекорд койгон. Ал саякатын эки жумага жетпей аяктаган.

Фоссеттей эле Конюховдун желим шарын Cameron Balloons компаниясы жасап берди. Жаңы техникалык өзгөртүүлөрү бар.

Федор Конюхов 40тан ашуун саякат жасаган. Ал Түндүк жана Түштүк полюстарды жана бардык континенттердеги эң бийик чокуларды багындырган. 2005-жылдын июнунда Конюхов 188 күндүн ичинде 27 метрлик кемесинде дүйнөнү сүзүп өтүү саякатын аяктаган.

XS
SM
MD
LG