Алматынын шаардык соту апелляциялык арызды карап чыгып, Казкоммерцбанк жөнүндө буюртма макалаларды жарыялаган деп айыпталып жаткан Гүзял Байдалиновга карата чыккан өкүмдү өзгөртүп, бир жарым жылдык мөөнөттү түрмөдө эмес, шарттуу түрдө өтөө боюнча чечим чыгарды.
Апелляциялык сот Гүзел Байдалинова менен бизнесмен Таир Калдыбаевдин арызын 5-июлда карамак. Кийинчерээк жараян 12-июлга жылдырылган. 5-июлда абакта жаткан Таир Калдыбаев асылуу абалда табылган.
Таир Калдыбаев буга чейин материалдык чыгымдарды жабуу үчүн Казкоммерцбанкка каражат төккөн болсо, эми ал сумма маркумдун үй-бүлөсүнө берилет.
Соттун чечимине ылайык, өткөн жылдын декабрынан бери камакта жаткан Байдалинова токтоосуз бошотулушу керек. Ал бир жарым жылдык жазасын шартуу түрдө өтөйт. Гүзел Байдалинова Алматыдан сырткары эч жакка чыга албайт, ага карата көзөмөл жүргүзүлөт.