Ссылки доступа

НАТО менен Орусия коопсуздук маселесин талкуулайт


Орусия-НАТО Кеңешинин элчилер деңгээлиндеги жыйыны 13-июлда Брюсселде өтөт. Украинага карата Москванын агрессиясынан улам, альянс Чыгыш Европада аскерий күчүн бекемдей турганын Варшавадагы саммитте жарыя кылган. Бул тараптардын ошондон берки алгачкы жолугушуусу болуп саналат.

Альянс жана Орусиянын элчилери 2014-жылдан бери экинчи ирет жолугушууда. Украинадагы абал үчүн Кремль менен Түндүк атлантикалык альнястын мамилеси солгундап кеткен.

«Орусия жана анын өнөктөштөрү үч теманы талкуулайт–Украинадагы каатчылык, аскерий чөйрөдөгү аракеттер жана Ооганстандагы абалга байланыштуу коопсуздук маселеси. Бул тууралуу НАТОнун басма сөз катчысы Кармен Ромеро билдирди. Анын айтымында, альянс Орусияны коопсуздукту бекемдөө боюнча Варшавадагы саммиттин чечимдери боюнча кабардар кылат.

Москва АКШнын ракетадан коргонуу системасы боюнча маселени жана Балтика үстүндөгү аба мейкиндиктеги коопсуздук темасын козгойт.

НАТО Польша жана Балтия өлкөлөрүнө жалпысынан 4 миң аскерден турган төрт батальон жөнөтө турганын билдирген. Ал бул кадамын Орусиядан келе турчу коркунучтардан коргонуу катары сыпаттаган. Москва муну сынга алып, альянсты агрессияга күнөөлөгөн. Кремль чек арага жакын жайгашкан жат аскердик күчтөргө каршы аракет көрөрүн эскерткен.

XS
SM
MD
LG