Ссылки доступа

Орусия-НАТО Кеңешинде Украинадагы каатчылык талкууланды


НАТОнун элчилери менен Орусия өкүлдөрүнүн жолугушуусу 2014-жылдан бери экинчи ирет өтүүдө. Украинадагы каатчылык башталганы тараптардын мамилеси сууп кеткен.

Орусия-НАТО Кеңешинин жолугушуусунун күн тартибиндеги биринчи маселе Украина болду. Бул тууралуу отурумдун жыйынтыгы боюнча Брюсселде басма сөз жыйынын өткөргөн НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг айтып берди.

“Биз азыр эле Орусия-НАТО Кеңешин өткөрдүк. Ачык сүйлөшүү, пайдалуу жолугушуу болду”, - деп билдирди ал.

Анын айтымында, Орусиянын Украинадагы аракеттери евро-атлантикалык коопсуздукка доо кетирди. “НАТО жана Орусия боюнча өнөктөштөрдүн бул каатчылык боюнча терең келишпестиктери бар. Бүгүн дагы биздин көз караштарыбыз төп келбеди. Бирок позицияларыбызды тактап, Украинадагы абал боюнча пикир алмашууга шарт түзүлдү”, - деп баса белгиледи Столтенберг.

НАТО Крымдын аннексияланышын мыйзамдуу деп тааныбайт деп билдирди ал.

XS
SM
MD
LG