Ссылки доступа

АКШ: Сирияда Орусия экстремизм менен күрөшпөстөн Асадды колдоодо


АКШ белгилегендей, Орусия Сириядагы аракеттери менен терроризмге каршы күрөшпөстөн президент Башар Асадга колдоо көрсөтүүдө..

«Тилекке каршы, алар Асаддын режимине көмөк көрсөтүү үчүн аскерий күчтөрүн колдонууга ого эле көп көңүл буруп жатышканын байкап жатабыз», - деп 14-июлда Вашингтондо күндө өтчү басма сөз жыйынында Ак үйдүн басма сөз катчысы Жош Эрнест билдирди.

«Учурда АКШ Орусия менен бирге аскерий аракеттерди жасаган жок. Мен мындай келишим түзүлүшү мүмкүн деген кептер айтылып жатканын билем. Бирок ал ишке ашары белгисиз», - деп белгиледи катчы.

Эрнесттин айтымында, Орусия жетекчилиги «Сирияда саясий алмашуу болушун каалаганын жана экстремисттердин бар болушуна бушайман экенин» билдирүүдө. Бирок алар «биздин экстремисттер менен күрөшүп жатканыбызды пайдаланып же ага зыян келтирип, Асаддын режимин колдоо үчүн өз аскерий күчтөрүн колдонуп жатышат».

«Биз ар дайым Орусия салым кошсо, «Ислам мамлекетине» жана «Аль-Каидага» каршы күрөшүүгө көңүл бурса, колдоого алат элек деп билдирип келебиз», - деп Ак үйдүн өкүлү баса белгиледи.

XS
SM
MD
LG