Ссылки доступа

Ѳзбекстанда жаңы чыгарылган Ravon унаасынын Казакстанда бет ачары ѳттү


Алматыда жаңы ѳзбекстандык Ravon үлгүсүндѳгү унаанын бет ачары ѳттү. Ал Uz-Daewoo’нун ордуна келди. Ошол эле убакта Казакстандын базарында Nexia R3 сатыкка коюлду. Ал жалпысынан Chevrolet Aveo’нун жаңылатылган версиясы катары (Т250) чыгарылат. Бул тууралуу казак маалымат каражаттары билдирди.

Бет ачар ѳткѳнүнѳ карабастан, жаңы “Нексиянын” баасы али айтыла элек. kolesa.kz машине эми гана сатыла баштарын белгиледи.

Жаңы «Нексиядан» тышкары «Равондун» жергиликтүү базарга тааныш болгон дагы эки үлгүсү бар – седан Gentra жана хэтчбек R2 (Chevrolet Spark). Буга чейин Spark Ѳзбекстандагы заводдон чыгарылып, Казакстанда сатылчу. Бирок былтыр Cobalt сыяктуу эле сатыкка чыкпай калган.

Uz-Daewoo брендин жаңылатууда. Негизги түсү кѳк болуп калса дагы, Алматыда эки кѳргѳзмѳ имараты кайра сырдалып чыкты. Ал эми стилисттердин колу тие элек салондордо Daewoo’нун (Nexia, Gentra жана Matiz үлгүлѳрү) эн белгиси тагылган унааны табуу мүмкүн болбой калды. Дистрибьютор билдиргендей, алар сатыктан толугу менен алынды.

XS
SM
MD
LG