Үч келишимдин алкагында Кыргызстандын 500 кВт “Датка” көмөк чордонунан Тажикстандын “Хужент” чордонуна чейин, андан ары Кабул аркылуу (Ооганстан) Пешавар станциясына (Пакистан) электр кубатын өткөрүүчү зымдар тартылат.
Долбоорго ылайык, майдан сентябрга чейин Кыргызстан менен Тажикстандандан Пакистан жана Ооганстанга электр энергиясын экспорттоо пландаштырылууда.
Келишимдин алкагында Европа инвестициялык банкы кыргыз тарапка 70 миллион евро, Ислам өнүктүрүү банкы 50 миллион доллар, Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы 45 миллион доллар бөлүп берет. Долбоордун жалпы суммасы 1 миллиард долларды түзөт. Анын 233 миллиону Кыргызстанга багытталат.
Насыяга алынган акчаны электр кубатын экспорттоодон түшкөн каражаттын эсебинен кайтарып туруу пландаштырылууда. 2016-жылдын 12-майында Тажикстандын Турсунзаде шаарында CASA-1000 долбоорунун расмий башталыш аземи өткөн.