Ссылки доступа

Керри: Түркия НАТОдон чыгарылышы мүмкүн


Эгерде Түркияда төңкөрүш аракетинен кийин башталган массалык тазалоодо демократия принциптери сакталбаса, өлкө НАТОдон чыгарылышы ыктымал. Бул тууралуу АКШнын мамкатчысы Жон Керри билдирди. Анын айтымында, АКШ «Түркиянын шайланып келген жетекчилигин колдойт». Бул тууралуу Independent кабарлады.

Ошону менен катар мамкатчы белгилегендей, АКШ Түркия өкмөтүн «демократиялык институттардын эң жогорку стандарттарын жана мыйзамдын бийиктигин сактоого» чакырды.

«Биз албетте төңкөрүштү уюштургандарды адилеттүү жазалоону колдойбуз. Бирок чектен чыгып, демократиялык эрежелерге доо келтирбөөнү эскертебиз», - деди Керри.

Түркияда төңкөрүш аракетине катышкан бир топ аскерлер камакка алынды. Алардын арасында Экинчи армиянын (Кургактыктагы аскерлер) башчысы Адем Худути бар. Укук коргоо органдары аскерий аба күчтөрүнүн мурунку башчысы Акин Озтүрк дагы кармалганын билдирди. Бул эки аскер төңкөрүштүн башында турган деп эсептелүүдө. Мындан тышкары түштүктөгү Испарта провинциясында дагы эки генерал – Метин Аккай менен гарнизон жетекчиси Мустафа Курутмаза кармалды. Түркиядагы куралдуу козголоң 15-июлда түнү башталган.

Аскерлерден турган топ жарандардын конституциялык укуктарын камсыз кылуу үчүн бийликти өз колуна алганын жарыялаган. Түрк өкмөтү таң атканга чейин көзөмөлдү толугу менен өзүнө кайтарган.

XS
SM
MD
LG