Учурда иштеп жаткан мыйзамдын 24-беренесинде өкмөт мүчөлөрүн ким, кандай эреже менен кызматтан бошотору жазылган эмес. Бул кемчиликти жоюу үчүн бир тартип киргизилет. Тагыраак айтканда, эми премьер-министрдин негиздүү сунушу менен президент өкмөт мүчөсүн кызматынан кетирет.
Ошондой эле, жаңы мыйзам боюнча өкмөт коллегиясында бир чечим кабыл алгандан кийин министрлерге эл алдында ага каршы чыгып же аткарбай коюусуна тыюу салынды.