Ссылки доступа

Тажикстанда «Комсомольская правда» гезити ишин токтотту


Он жылдан бери гезитти Тажикстанда чыгарууга жооптуу болуп келген Шариф Хамдампур бул чечим «басылманын кабарчысы Сергей Пономаревдун макаласына каршы болгонуна байланыштуу» деп белгиледи.

Пономарев Тажикстанга барып келгенден кийин «Тажикстан: советтик максатсыз жашоодон жаркын келечекке карай» аттуу макаласында бул мамлекетти Равшан жана Жамшуттардын өлкөсү деп атаган. Макала мындай саптар менен башталат: «Москвадан байыркы Хожентке учакта баратам… славян жүздөрүнөн мен гана бармын. Калгандары бүт эле Равшан жана Жамшуттар».

21-июлда басма сөз жыйынында Шариф Хамдампур айткандай, бул макала тажик элин кемсинтет. Андыктан, «биз бул гезитти өлкөбүздө чыгарууну токтотолу деп чечтик», - деди ал.

Тажикстанда 10 жылдан бери орусиялык «Комсомольская правда» жана «Аргументы и факты» гезиттери чыгып келет.

XS
SM
MD
LG