Ссылки доступа

Түркмөн президенти келерде Марыда селсаяк иттерди мыкаачылык менен атышууда


Облус борборлоруна президент Гурбангулы Бердимухамедов келер алдында иттерди атуу, мектеп мугалимдерин эмгек өргүүдөн чакыртып алуу, борбордук көчөрлөрдү жууп тазалоо, полиция жана аскерлердин санын көбөйтүү салтка айланган көрүнүш.

Мары шаарынын бир нече райондорунда иттерди түнү менен атып чыгышты. Шаардыктарга алардын үргөнү жана онтогону тынымсыз угулуп турду. Жашоочулардын айтымында, иттерин улуганы таңкы төрттө араң басылды. Жекшембиден бери шаардын борбору жабык, ал жерде полиция менен аскерлер жогорку даражалуу конокту тосуу үчүн даярдык көрүшүүдө. Бардык аракетти Ашхабаддан атайын келген телеканал тартып жатат.

Бюджеттик мекемелердин кызматкерлери, биринчи кезекте мугалимдер жана ак халатчандар эмгек өргүүдөн чакыртылды. Жакынкы убакта иш ордунда болууга буйрук берилген. Азырынча үч күн жөнүндө сөз жүрүүдө, бирок президенттин сапары кечеңдесе, мөөнөт дагы создугат.

Ал бир мугалим бештен окуучу камдап коюшу керек, коңгуроо кагылганда алар формалары менен көрсөтүлгөн жерге келип калууга тийиш. Президент «Диснейленд» аталышындагы балдар паркынын ачылыш аземине катышары күтүлүүдө.

Марыда буга чейин президентти тосууга келгенде балдар эс-учун жоготуп өлүмгө учураган. Мындан кийин бул өңүттөгү иш-чараларга окуучуларды тартуудан баш тартышкан. Бирок такыр эле балдарсыз президентти тосуп алуу мүмкүн болбойт сыяктуу.

XS
SM
MD
LG