Ссылки доступа

Өзбекстан бир ай мурун кармалган эки тажик жаранын бошотту


Кокондогу абакта жаткан канибадамдык эки тажик жараны бошотулду. Алар бир ай мурун "Патар" чек ара тилкесинде кармалган. Тажик атуулдары кокустан Өзбекстан аймагына өтүп кеткендиги айтылууда.

Бирок камакта жаткан дагы бир тажик жараны алигиче азаттыкка чыга элек. Бир ай мурун ал өзбек чек арачылары тарабынан жаракат алып, абакка түшкөн.

Бул арада Тажикстандын Чек ара аскер башкармалыгы 20-июлда үчүнчү жаран – Хайдар Кузиев бошотулуп, мекенине жөнөтүлгөнүн билдирди. Бирок бул маалыматты анын туугандары азыр тастыктай элек.

Ушуну менен бир жыл ичинде экинчи жолу өзбек чек арачылары тажик жарандарын жаракат кылып, Өзбекстанга алып кетишкен. Былтыр июлда алар Канибадамдын эки чабанын кармап алышкан, алардын бирөөсүнүн бутуна ок жаңылган.

XS
SM
MD
LG