Ссылки доступа

Кыргызстанда талаш жараткан баннерлерди илүү уланууда


«Кайран элим, кайда баратабыз?» деген жазууну камтыган баннерлер Кыргызстанда кызуу талаштарды жаратып, бирок бүт өлкөдө илинүүдө.

«Азаттык» билдиргендей, бүгүнкү күнгө карата баннерлер Чолпон-Ата, Талас, Нарын шаарларында илинди. Бишкектин ар кайсы жерлеринде мындай көрнөктөр 12-июлда пайда болгон. Баннерде кыргыздардын улуттук кийимин кийген жана паранжага чүмкөнгөн аялдардын сүрөттөрү жайгаштырылып, аягына «Кайран элим, кайда баратабыз?» деп жазылган.

Көрнөктөр коомчулукту эки жаатка бөлүп койду. Айрымдары идеяны колдосо, кээ бири карамандай каршы чыкты.

Президент Алмазбек Атамбаев Германия канцлери Ангела Меркель менен жолуккандан кийин өткөргөн брифингде мындай баннерлерди бүт Кыргызстанга илүүнү жактай турганын айткан. Ал президенттин аппаратына баннерлерди илип жаткан уюмга каражат бөлүп берүү тапшырмасын бердим деп билдирген.

«Динди жамынып, бөлөк элдин маданиятын таңуулоонун кереги жок. Мындай баннерлер бизге керек», - деген Алмазбек Атамбаев. Президенттин пикиринде, «Ал жерде жаман эч нерсе айтылган жок. Болгону сүрөт жайгаштырылып, кайда баратабыз, кайда барышыбыз керек деген суроо коюлган».

XS
SM
MD
LG