Ссылки доступа

Өзбекстандын калкы 31,8 миллионго жетти


2016-жылдын 1-июлуна карата Өзбекстан Республикасынын туруктуу калкы 31,807 миллион кишиге жетип, жыл башынан бери 231,7 миңге (0,7%) өстү. Бул тууралуу республиканын Статистика боюнча мамлекеттик комитетине таянып CA-News агенттиги жазып чыкты.

Шаарларда жашаган калктын саны 16,11 млн кишини түздү (жалпы калктын 50,6 пайызы), айылдагы калк - 15 миллиондон ашык (49,4%).

2016-жылдын январь-июнунда 318 миң бала төрөлдү.

Жарым жыл ичинде 92,4 миң үй-бүлө курулуп, 14,8 миң ажырашуу катталды.

Алты айда өлкөгө келгендердин саны 72 миң кишини түзсө, кеткендер 84,4 миңге жетти.

XS
SM
MD
LG