Ссылки доступа

Кытай Тажикстандын дагы бир алтын кенин иштетет


ТВЕА кытай компаниясы Согди облусундагы «Чыгыш Дуоба» алтын кен чыгуучу жерин иштетүү үчүн лицензия алды.

Бул компания буга чейин Айни районунда «Чыгыш Дуоба» жана «Жогорку Кумарг» кендеринде геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзгөн. Алтындын кору аныкталгандан кийин казууга уруксат берилди.

Учурда Кытайдын Тажикстандагы 7 алтын кенин иштетүү үчүн лицензиясы бар. 2014-жылы ТВЕА эки жерде геологиялык чалгындоо жүргүзүүгө укук алган. Бул үчүн компания 30 миллион долларга бааланган Дүйшөнбү ТЭЦ-2ни куруп бермек.

Тажикстандын Башкы геология башкармалыгы “Азаттык” радиосунун тажик кызматына билдиргендей, ТВЕА компаниясы «Жогорку Кумарг» кениндеги алтындын корун аныктаган соң, аны иштетүүгө лицензия алат.

Айрым тажик эксперттеринин айтымында, кытай компанияларынын Тажикстанга келиши экономиканын кыска мөөнөттүү гана өнүгүшүнө өбөлгө түзөт.

XS
SM
MD
LG