Ссылки доступа

WADA Орусияны Олимпиадага катыштыруу боюнча чечимге нааразы


Бүткүл дүйнөлүк антидопинг агенттиги (WADA) Орусияны Рио оюндарына катыштырууга уруксат берген Эл аралык Олимпиада комитетинин чечимине нааразы.

Агенттиктин башчысы Крейг Риди билдиргендей, WADA үчүн Ричард Макларен тарабынан даярдаган баяндамада Орусия өкмөтүнүн көзөмөлү алдындагы допинг программа бар экендиги далилделген. Агенттик Эл аралык Олимпиада комитетине Орусиялык курама команданы Риодогу оюндардан четтетүүнү сунуштаган. Бирок Эл аралык Олимпиада комитети компромисстик чечим кабыл алган. Эми орусиялык спортчулардын тагдырын спорттун түрлөрү боюнча эл аралык федерациялар чечет.

WADA мындай мамиле өз ара макулдашуунун жоктугуна жана «таза спортчуларды» коргоонун жетишпестигине алып келет деп эсептейт.

Рио-де-Жанейродо Олимпиада оюндары 5-21-август аралыгында өтөт. Олимпиадага баруу үчүн орусиялык теннисчилер, сууда сүзүүчүлөр жана синхронисттер уруксат алышкан. Андан тышкары Олимпиадага триатлон боюнча курама команданын катышуусу күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG