Ссылки доступа

Еврокомиссия Борбор Азиядагы экологиялык маселелерди чечүүгө жардамдашат


Европалык комиссия (ЕК) совет доорунан бери Өзбекстан, Кыргызстан, Тажикстанда калган Тоо кендерин казып чыгаруучу объектилердин уран мурастары фондуна 16,5 миллион евро бөлдү. Бул тууралуу «Интерфакс» билдирет.

«Еврокомиссия мындан тышкары Кыргызстандагы уран калдыктары бар Миң-Куш, Шекафтар жана Майлуу-Суу, Тажикстандагы Табошар жана Дегмай аймактарындагы объектилердин техникалык-экономикалык негиздемелерин жана айлана-чөйрөгө тийгизген таасирлерин иликтөөнү каржылайт. “Аймактагы радиоактивдүү материалдар экологияга жана калктын саламаттыгына терс таасирин тийгизүүдө” – деп айтылат Европалык комиссиянын Тажикстандагы өкүлчүлүгүнүн билдирүүсүндө.

Эски уран чыгаруучу жана кайра иштетүүчү объектилердин экологиялык маселелерин чечүүгө багытталган жаңы фонд Европалык биримдиктин демилгеси менен түзүлгөн. Ал “ядролук коопсуздук тармагындагы кызматташтык инструменти” долбоорунун алкагында каржыланат. Жаңы фонд Европалык реконструкция жана өнүгүү банкы тарабынан башкарылат.

XS
SM
MD
LG