Ссылки доступа

«Түркмөннефть» концернинде кызматкерлер менен жумуш сааттары кыскартылууда


Мамлекеттик «Түркмөннефть» концернинин жыйынында жетекчилик кызматкерлердин бир бөлүгүн иштен кетирип, андан тышкары кыскартылган иш күнүнө өтүү боюнча буйрук чыкканын маалымдады.

Концерндин ремонттук-курулуш башкармалыгынын кеңсе кызматкерлери 1-сентябрдан тарта төрт саатык иш тартибине өтөт. Ал эми 75 кызматкердин баары жумуштан бошотулат.

Жергиликтүү ММКлар маалымдагандай, кыскартуулар боюнча бирдиктүү тартип жок. Ар бир бөлүктүн жетекчисинин эркине жараша аракеттер көрүлүүдө. Жапырт жумуштан кетирбөө үчүн кызматкерлерге толук эмес жумушчу күнү сунушталууда. Айрымдары эки топко бөлүнүп алып, кезек менен иштешүүдө. Геофизика башкармалыгы болсо, үч күн иштеп, эки күн акы төлөнбөгөн эмгек өргүүгө чыгуу жолун тандап алды.

Айрым маалыматтар боюнча концерндин көптөгөн башкармалыктары пенсионерлерден дээрлик толугу менен арылды. Кезек улгайган курактагыларга жетип, аларды мөөнөтүнөн мурда ардактуу эс алууга жөнөтүшүүдө.

Түркмөнстан өкмөтүнүн 15-июлдагы жыйынында өлкө президенти Мунай жана газ министрлиги менен Көмүр суутек ресурстарын башкаруу агенттигин жойгон.

XS
SM
MD
LG