Ссылки доступа

Өзбекстанда "Ахмадбайдын" иши боюнча милиция башчысы иштен кетти


Ташкент облусунун Чиназ районунун Ички иштер бөлүмүнүн башчысы Отабек Ганибеков каржы пирамидасын түзгөн ишкер Ахмад Турсунбаевдин иши каралып жаткан маалда жумуштан алдынды. Анын ордун подполковник Шухрат Темуров ээледи.

“Азаттыктын” өзбек кызматынын укук коргоо органдарындагы өз булагы кабарлагандай, жаңы башчы алгачкы жыйында эле тартип сакчылары мамлекеттик кызматкер деген макамды жоготпой, жергиликтүү ишкерлер менен бирге бизнес жасабай, түз иштөөлөрү керектигин билдирди.

Булактын маалыматы боюнча ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери гана эмес, прокуратура, акимчилик жана Ташкенттин өзүндөгү жогорку кызматтагы аткаминерлер дагы “Ахмадбайды” колдоп турган. Чиназ РИИБи Ахмад Турсунбаевдин коопсуздугун камсыздап, ага каршыларды жазалоо жараяндарына катышкан. Буга чейин көпөс менен мамилеси бар Чиназ районунун прокурору дагы иштен айдалган.

Акмад Турсунбаевдин каржы пирамидасы жөнүндөгү берүүлөр ушул айдын башында жергиликтүү телеканалдардан чыккан. Анда чиновниктер, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү ишкердин кылмыштуу жосундарына көз жуумп гана койбостон, анын табакташы болушканы баяндалган.

Эл арасында “Ахмадбай” ысымы менен белгилүү Ахмад Турсунбаев Кылмыш кодексинин опузалоо, алдамчылык жана башка дагы бир нече беренелери боюнча айыпталууда.

XS
SM
MD
LG