Анын айтымында, Орусия жана Кытай кибер мейкиндикте өжөр жана кылдат операторлорго айланып бара жатат.
Монако белгилегендей, буга чейин америкалык банктардын сайтына Иран тараптан чабуул жасалып, кардарларды тейлөө үзгүлтүккө учураган. Түндүк Корея дагы кыйроого алып келчү аракеттерди көрүүгө даяр экенин ачыкка чыгарды. Ал бул жааттагы кибер чабуулдар глобалдуу деңгээлде ар түрдүү жана коркунучтуу болуп баратканын жарыялады.
Кошмо Штаттар кибер коопсуздук чөйрөсүндө жоопкерчиликтүү мамиле жасоо боюнча ыктыярдуу нормаларды кабыл алууда башка өлкөлөр менен иштөөдө. Ошол эле маалда АКШ өзгөчө маанилүү инфраструктураларга каршы кол салгандарга санкция киргизүүгө уруксат берүүчү өкмөттүк буйрукту колдонот.
Монако президент Барак Обамадан жаңы директива сунуштады. Анда кибер окуялар боюнча өкмөттүк аракеттерди координациялоонун так ченемдери белгиленген. "Бул корпорациялар сыяктуу эле жарандардын эмне кылуу керек, кимге жардам сурап кайрылуу зарыл деген суроолоруна жооп берүүгө жардам берет”,– деди ал.